02.07.2019 10:08

Токмоктогу тойдо тамакка уулангандардын жалпы саны 67 адамга жетти

Токмоктогу  тойдо тамакка уулангандардын жалпы саны 67 адамга жетти

Токмок шаарында үйлөнүү тойдо тамакка уулангандардын саны 67 адамга жетти. Той 29-июнь күнү «Мегаполис» кафесинде болгон. 

Ага Токмок шаарынын өзүнөн, Чүй, Сокулук,Ысык-Ата райондорунан жана Бишкек шаарынан, Нарындын Кочкор районунан, Ысык-Көл облусунан жана Россиядан бардыгы болуп 256 адам барган.

Ыкчам алынган маалыматка караганда, Токмок шаарынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамакка ууланды деген шек менен 27 адам кайрылган, анын баары ооруканага жаткырылган.  Кочкор райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө 17 адам кайрылып, алардын он алтысы жаткырылган, бирөө амбулатордук жардам алып, үйүнө жөнөтүлгөн, Ысык-Ата районунун ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө 6 адам кайрылган, анын бешөө жаткырылган, бирөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн, Москва районунун жугуштуу оорулар бөлүмүнө 2 адам кайрылып, экөө тең жаткырылган. Бишкек шаарында 16 адам ооруканага кайрылып, тогузу жаткырылып, жетөө амбулатордук жардам алган.

«Бардыгы болуп, тамакка ууланып кайрылгандардын саны алтымыш жетиге жетти. Алардын элүү сегизи жаткырылып, тогузуна амбулатордук жардам көрсөтүлүүдө», - деп билдиришкен Ысык-Ата райондук ооруларды алдын-алуу борборунан.

Уулануунун себебин билүү үчүн тамак-аштын калдыгы алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү.